www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров: “Парламенттин 6-чакырылышы Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраталбайт”

Нурайым Рысмамбетова 17-июнь 2019, 14:20

Саясат


Азимбек Бекназаров: “Парламенттин 6-чакырылышы Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраталбайт”

Парламенттин 6-чакырылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга эч кандай моралдык укугу жок. Бул тууралуу басма сөз жыйынында мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин так ушул 6-чакырылышы Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпация кылууга жардам берген.

“Алар же экс-президентти  улуттун атасы атап, түндүк-түштүк жолуна анын атын бергиси келген. Алар Атамбаевге бийликти узурпация кылууга жардам берген. Экс-президент ар бир партиядагы парламенттик шайлоого барчулардын тизмесин бирден тактап берген.  Ошондуктан, бул парламентти – "Атамбаевдин түкүрүгү" деп айтар элем. Эми алар аны кол тийбестиктен ажыратууну көздөшүүдө. Ушул эле адамдар үч жылдан кийин Сооронбай Жээнбековго каршы чыгышат”, - деп айтты Азимбек Бекназаров.

Муну менен мурунку башкы прокурор Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу демилгесин колдойт.

“Атамбаевдин бийликти бир колго алганын 2012-жылы эле айткам. АКСти түзүп, анан Мамлекеттик чекара кызматын өзүнө алган”, - деп Азимбек Бекназаров белгиледи.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83