Нурайым Рысмамбетова 17-июнь 2019, 17:45
Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда.
Күнөөлөнүүчү Мелис Калыков билдиргендей, аймактын прокурорунун орун басары, күбө Асланбек Байбосунов коркутуп жатканын айтып чыкты.
Анын айтымында, Асланбек Байбосунов ага:“Мен прокурорду ушундай кылгандан кийин, сени жөн эле жоготуп коём”- деп айткан. Мелис Калыков, Асланбек Байбосуновду прокурордун өлүмүнө түздөн-түз тийешеси бар экендигин жана кылмышты уюштурууга айыптады. Өзүнүн дооматын ал президентке жана башкы прокурорго багыттап кайрылуу жасады.
Булак:NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!