Перизат Кутманалиева 18-июнь 2019, 13:49
Санжар Кадыралиев деген 3-чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон. Ал мажоритардык шайлоо учурунда өз шайлоо округунда мен деген лөктөрдү сызга отургузуп, парламентке келген. Кадыралиев 4-парламентке да депутат болгон. Бирок, ошол кезде Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча чындыкты айтканы үчүн таламандын - тал түшүндө атып кетишкен. Анын карындашы Ыргал Кадыралиева агасынын жолун жолдоп 5-чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип, жаштыгына салып ошол кезде бийлик башында турган Атамбаевге таамай сындарды айткан. Ошондуктан, Атамбаев 6-чакырылыштагы депутаттардын тизмесин даярдоодо, Кадыралиевдерди биротоло жок кылуу максатында Канжар Кадыралиевке кылмыш ишин козгоп, ал качууга дуушар болгон. 2015-жылы мартта келип, СИЗОнун көзөмөлдүгү алдында үй түрмөгө камалган. Канжар Кадыралиевди камоодо, Ыргал Кадыралиеваны парламентке өткөзбөөгө Келдибаевдер катуу тоскоолдук кылышкан. Ошол эмгеги үчүн Сагындык Келдибаев Атамбаевге жагып Орусиянын жараны болсо да “РАЖ” партиясынын тизмеси менен парламентке өткөн. Депутаттыгына таянып Ыргал Кадыралиевага 7 миллион айып тагып, Канжар Кадыралиевди куугунтуктаган. “Ак ийилет, бирок сынбайт”, жылдар өтүп Канжар Кадыралиевдин кылмыш иштерин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту токтотту.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!