www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Атам бай” деген айрым депутаттар, атасы айтканга эмнеге арданышат?

Кызгалдак Жакыпова 18-июнь 2019, 17:18

Саясат


“Атам бай” деген айрым депутаттар, атасы айтканга эмнеге арданышат?

Мурдагы ажобуз Атамбаев азыркы ЖКнын депутаттарынын айрымдарын “чимкирик” деп атаган. Ал муну менен экинчи жолу айтып олтурат. Арданыштыбы же актанып жатышабы, айтор депутаттар Жогорку Кеңеш жыйынында Атамбаевди ар түркүн жоруктарын ортого салып жыйын курушкан. Баары эле тегиз бир жактуу эмес. Айрымдары чыгып Атамбаевдин астанасын сагалап жүргөн бир кездеги депутаттарды сындап, “бир кезде ага сөз тийгизбей жүргөндөр, бүгүн ага жугунду куюуда” деген. Бул коомчулукта катуу резонансты жаратып, ЖКны катуу тепкиге алып, ал турсун Раим Матраимовдун тойуна барган төрага Дастан Жумабековду баш кылып “бетсиздер” дегенге чейин барышты.

Кечээ эле айрым жаш активисттер Жумабековдун төрага болуп олтурганга моралдык укугу жок экенин айтып, анын кетишин да аталап кылышты. “Бульдозер” каймана аты бар Азимбек Бекназаров да баш көтөрүп, азыркы саясий кырдаалга өз баасын бергенге жетишти. Ал ачык эле азыркы ЖКти “чимкирик” парламент экенин жалган эмес экенин баса белгиледи. “Азыркы депутаттарды “чимкирик” деп туура айткан, анткени, убагында аны өздөрү бийликке алып келишкен”-деди, Бекназаров. Анын айтымында, эми бул депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү болуп алышты. Анын пикиринде ал комиссияда баары бир кезде Атамбаевден кордук көргөндөр экен.

Булак: «Факты.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83