www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков ТВЕА компаниясынан 111 млн. долларга туйтунганы ачыкка чыкты!

Кызгалдак Жакыпова 19-июнь 2019, 13:52

Саясат


Сапар Исаков ТВЕА компаниясынан 111 млн. долларга туйтунганы ачыкка чыкты!

2017-жылы орун алган авария Бишкек ЖЭБди жаңылоодо коррупцияга жол берилгендигин коомчулукка ачыктады. Кийинчерээк, ЖЭБди реконструкциялоонун жүрүшүндө 111 млн АКШ доллары максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталып, натыйжада ага байланыштуу соттук эки териштирүү азыркыга чейин уланууда.

Биринчиси – жылуулук электр магистралындагы авариянын себептери, экинчиси – ЖЭБдеги коррупция боюнча. Эки иш боюнча экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин экс-директору Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКнын экс-жетекчиси Салайдин Авазов, “Электр станциялары” ААКнын жетекчисинин экс-орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБди жаңылоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова, ошондой эле бир катар башка адамдар фигурант катары сурак беришүүдө. Мурдагы премьер С.Исаков кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргоп келгендигин анын кытайлыктар менен көп ирет жолугушкандыгы далилдеди.

ЖМКлардын жардамы менен гана ЖЭБди жанылоо маселеси Бакиевдин мезгилинде бир нече ирет козголгон. Андан сырткары, Бишкек ЖЭБди жаңылоого эски технологияларды жана кымбат бааларды сунуштаган кытайлык компания эмес, өлкө кызыкчылыгына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамына таянуу пландалып жаткандыгы белгилүү болгон.

Көрсө, 2008-жылы эле Бүткүл дүйнөлүк банк каржылоочу “Техникалык жардам үчүн кредит” долбоорун жүзөгө ашыруучу катары КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги аныкталган экен. Бүткүл дүйнөлүк банк аталган долбоорго керектүү каражаттарды пайдалануу боюнча аракет пландарды жактырган. Анын алкагында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоонун технико-экономикалык неиздемелерин (ТЭН) даярдоого 1 140 000 АКШ доллар бөлүү каралып, аткаруучу катары энергетика жана өнөр жай, финансы министрликтери жана Бүткүл дүйнөлүк банк аныкталган.

2009-жылдын март айында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмү менен ыкчам иштешүү үчүн Бишкек ЖЭБдин жооптуу өкүлү катары Ю.Фрик, ал эми байланыш үчүн жооптуу өкүлдүккө жетектөөчү инженер Ж. Тургумбаев бекитилген. Андан соң энергетика жана өнөр жай министри М.Давыдовдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде Ю.Фрик менен Ж.Тургумбаев Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча ТЭНди даярдоого жооптуу болуп дайындалышкан. Ошондой эле “Электр станциялары” ААКнын директорунун орун басары Ж.Назаровго ТЭНди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү милдети жүктөлгөн. Жумушчу топко ЖЭБдин кубатгуулугун 400, 500 жана 600 МВтка чейин көбөйтүү боюнча үч варианттагы ТЭНди даярдоо тапшырылган. Бул техникалык тапшырма 2009-жылдын 8-апрелинде “Электр станциялары” ААКнын башкы директору С.Балкыбеков тарабынан бекитилген. Техникалык тапшырманын талаптары менен шарттарына түзөтүүлөрдү киргизгенден кийин 2009-жылдын 20-майында акыркы варианттагы техникалык тапшырманын тендердик документтерди түзүү жана сатып алуу амалдарын уюштуруу максатында “Техжардам үчүн кредит” Долбооруна ылайыктуулугуна изилдөө жүргүзүү үчүн “РА Соnsulting” компаниясына жөнөтүлгөн. 2009-жылдын декабрь айында “Электр станциялары” ААКнын жана Бүткүл дүйнөлүк банктын адистери биргелешип Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча иштердин эсебин такташкан. Анда эскирген 8 буу казанды жана 3 турбоагрегатты демонтаждоо, ошондой эле 5 жаңы буу казан жана 2 турбоагрегат орнотуу каралган. Борбордук ЖЭБди жаңылоонун натыйжасында жалпы кубаттуулук: электр – 120 МВтка (230 МВт-110 МВт), жылуулук – 218 Гкал/саатка (540 Гкал/с -321,6 Гкал/с) жогоруламак. Мындай жаңылоо үчүн талап кылынуучу каражаттын суммасы 150 млн АКШ долларын түзгөн.

2010-жылы 11-февралда ЦАРИИнин жетекчиси Максим Бакиев өткөргөн кеңешмеде С.Балкыбеков Бишкек ЖЭБди жаңылоонун бир нече варианты даярдалгандыгын билдирген. Алардын биринчиси Теbian Electric Apparatus Stock Co Ltd (ТВЕА) жана экинчиси Бүткүл дүйнөлүк банк менен жүзөгө ашырылмак. Балкыбековдун айтымында, ТВЕА жылуулук борборун жаңылоого 200 млн АКШ долларын сунуштаган, бирок каржылоо үчүн Эксимбанктын кредитин пайдалануу керек деген. Балкыбеков ошондой эле ТВЕА сунуштаган газотурбиналык долбоор эскиргендигин эскерткен. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын адистери тарабынан сунушталган долбоордун баасы 150 млн АКШ долларын түзгөн. 100 млн долларды банк өзү каржыламакчы болуп, 50 млн долларды кыргыз тараптын каржылоосун сунуштаган. Бүткүл дүйнөлүк банк ЖЭБди жаңылоодо батыштын заманбап технологияларын колдонууга жана европалык жаңы үлгүдөгү жабдууларды орнотууга милдеттенип жаткандыгын Балкыбеков баса белгилеген.

Талкуунун жүрүшундө Бүткүл дүйнөлүк банктын сунушу өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш келет жана артыкчылыктуу деп табылып, долбоордун кымбаттыгына, ошондой эле андагы техникалык жана технологиялык өксүктөргө байланыштуу ТВЕАнын сунушу четке кагылган.

Мына ушул жагдайлардан улам долбоор үчүн Буткүл дүйнөлук банкты тартуу максатка ылайыктуу жана бардык негиздемелер менен корутундулар бар экендигине карабастан, Кыргызстандын мурдагы жетекчилери А.Атамбаев менен С.Исаков кытайлык ТВЕА компаниясын тандаган. Кийин аныкталгандай, алар кытайлык компаниянын аркасы менен 111 млн. АКШ долларын өөнөп калышкан.

Булак: «Майдан.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83