www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталдын “Көз микрохирургиясынын” жамааты жетекчиси Иманбаеванын чалчактаганынан чаалыкты

Айдар Нуралиев 20-июнь 2019, 15:12

Ден-соолук


Улуттук госпиталдын “Көз микрохирургиясынын” жамааты жетекчиси Иманбаеванын  чалчактаганынан чаалыкты

Бүгүн, 19-июнда Улуттук Госпиталдын алдындагы №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн жамааты жетекчиси Салтанат Иманбаевага каршы Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясына чыкты. Алар "бир нече мыйзам бузууларга барган" деп жетекчисинин атына нааразычылыгын билдирди. Алардын айткандарын төмөндө төкпөй-чачпай беребиз.

“Улуттук госпиталдын №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева 19 жылдан бери бөлүм башчылык кызматты аркалап келе жатат. Ошондон бери ал тарабынан көптөгөн мыйзам бузуу болуп келген. Эки жылдан бери биздин бөлүмдүн жамааты Иманбаева менен кармашууда. Бөлүм башчынын тууган-туушкандары жогорку кызматта иштейт. Анын мурунку жолдошу Жоомарт Оторбаев болгон. Салтанат Иманбаева  эки жыл мурун биздин клиниканын жанына «Автомед» деген өзүнүн жеке менчик клиникасын ачып, аны баласына каттатып койгон. Муктаждык жок болсо деле, биздин бейтаптарды клиникасына «көздүн түбүн текшерген» аппаратка жибере берет. Ал аппараттын ал бейтапка кереги бары-жогу менен, 1 жума мурун же бир ай мурун эле түшкөнбү(?) ага башы оорубайт. Негизи ал аппаратка 1 жылда бир эле жолу түшүү керек. Чындыгында бейтаптарга бооруң ачыйт. Көбүнчөсү пенсионерлер, көзү азиз майыптар. Алар "бөлүм башчы "бар" - деди" - деп эле бара беришет. Бизде Иманабаеванын оң колу болуп, улук медайым Ниязалиева Элмира Төлөгөновна студент кызын “санитарка” кылып орноштуруп койгон. Ал кыз такыр келип иштеген жок. Пол жууганын көргөн жокпуз. Көп сурактарга барганда: «мен 14:00дон 17:00го чейин барып жууп келчүмүн» - дептир. Баары карандай калп. Биз 14:00дон 20:00го чейин дайыма күзөттө болобуз, бирок, эч кимибиз аны көргөн эмеспиз.

С.Иманбаеванын үстүнөн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганбыз. Алгач башкы врачыбыз Динара Сагынбаевага кайрылганбыда, ал биздин үнүбүздү угуп, комиссия түзүп, анын жыйынтыгында бөлүм башчыны кызматтан алуу боюнча буйрук чыккан. Бирок, кадрлар бөлүмүнөн кызматтан алуу буйругу чыккан күнү, Иманбаева ошол дата менен «больничныйга» чыгып кетиптир. Кийин сотко берип, натыйжада соттон утуп чыгып, кызматына кайра келип алган.

«Кызыл жарым ай» коомунан жардам катары, көзгө операция жасоочу микроскоптор, «шельевая лампа» берилген. Эң негизгиси ал өзүнүн «Автомед» клиникасына биздин клиникага келген «шелевая лампаны» алып кетип калып, иштетип, өз чөнтөгүнө акча таап турган. Кийин ызы-чуулардын баары чыгып, текшерүү келгенде, 25 миң евро турган «шелевая лампаны» бузуп туруп, алып келип коюп койду. Ал аппарат азыр иштебейт. Иманбаеванын Жогорку Кеңеште үлкөн «калканчы» бар”, - деген пикирин айтты митингдин катышуучулары.

Митингке катышкан медиктердин айтымында, Салтанат Иманбаева көпчүлүк кызматкерлерин адам ордуна көрбөй:“мени Асылбек Жээнбеков “крыщовать” этет, колуңардан эмне келет?”, - деп айтарын кошумчалады митингдин катышуучулары.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83