www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: “Комик” президент Зеленский Меркель калтырап баштаганда “колтуктап” койгонго жараган жок

Кызгалдак Жакыпова 20-июнь 2019, 09:48

Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО: “Комик” президент Зеленский Меркель калтырап баштаганда  “колтуктап” койгонго жараган жок

Украинанын “комик” президенти Владимир Зеленский Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда Ангела Меркелди калтырак басып кетип, абала начарлаганын бир нече дүйнөлүк басылмалар жазып чыгып, талкуу кылышууда.

Чыны менен видеотасмада көрүнүп тургандай Ангела Меркель менен Владимир Зеленскийдин расмий жолугушуусу учурунда Ангела Меркелдин абалы начарлап баштаса дагы көмөк көрсөтпөгөндүгү көрүнүп турат. Зеленскийдин мындай кадамы дүйнө элин таң калтырып, ар кандай талкууну жаратты.

Ага жооп катары Зеленский:-“Мен анын жанында болчум. Чын эле анын абалы өтө кооптуу болчу”, - деп жергиликтүү Bild сайтына билдирген.

Эске сала кетсек Украинанын президенти Зеленский менен Германиянын канцлеринин Берлиндеги расмий жолугушуусунда Меркелдин абалы начарлап, калтырай баштаган. Анын жанында турган Зеленский ага эч кандай жардам көрсөтпөгөн. Анын бул кадамы дүйнө элин таң калтырган. Ошентип “комик” президенттин биринчи кадамы украин элине эмес дүйнө элине жага бербеди.

Кайран Зеленский жок дегенде Ангела айымды “колтуктамыш” болуп койсо мынчалык талкууга калбайт беле? Же аны колтуктаганга корктубу?!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83