www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзия –экономикалык жактан кандайча өнүгүп кеткен?

Перизат Кутманалиева 24-июнь 2019, 07:53

Аналитика


Малайзия –экономикалык жактан кандайча өнүгүп кеткен?

Кызыгы Малайзия да,Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүк күнүн бир күндө 31-августта белгилешет. Мурун Малай Федерациясы аты менен белгилүү болгон Малайзия 1957-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, эгемендүү мамлекетке айланган. 1963-жылы бул мамлекет британдардын колониясы эсептелген Чыгыш Малайзияны кошуп алып, ошондон баштап Малайзия атала баштаган. Кыргыздар менен окшоштуктары малайлар ислам динин тутушат, мурун соода точкаларында, өндүрүштө жалаң башка улуттун өкүлдөрү ээлеп, титулдук калк айыл чарбасында гана эмгектенчү экен.

 

Малай тили жалгыз мамлекеттик тил

Малайзиянын калкынын саны 30 жарым миллиондон ашты. Малайлар калктын 58 пайызын түзүшөт, көпчүлүгү ислам динин кабыл алышкан. 24 пайызы кытайлар, 8 пайызы индустар, англичан  жана башка калктын саны 10 пайызды түзүшөт.Малайзия кыргызча айтканда «малай» да эмес, орусча айтканды «Малая Азия» да эмес, бүгүнкү күнү экономикасы чың, Азияда гана эмес дүйнөдө үлгү ала турган мамлекет. Мусулман калкы мамлекеттин жарымынан бир аз гана ашканы менен Башмыйзамы боюнча жалгыз атайын ыйгарымдуу дини катары белгиленген. Мурун малай эли башкалардан жакыр жашап келген, аларды башка улуттар теңине алышчу эмес, 1969- жылы жана 1970-жылы малайлар баш көтөрүп малай тилин жалгыз официалдуу кылышып, ислам динин да официалдуу катары Башмыйзамга киргизишкен. Бул Башмыйзамда жалгыз көрсөтүлгөн эмес, титулдук калктын ээлери малайлар өздөрүнүн ишкер кызыкчылыктарын башка улут сактап, теңсинбөө сыяктуу кылыктарын  мыйзам менен жок кылышкан. Мыйзамдын негизинде англичандар,кытайлар жана башкалар менен расалык айырмачылыктар жоюлуп, укуктары бирдей.

 

Динге чек койгон Махатхир бин Мухаммад

Махатхир Мухаммад дин менен саясатты бөлүп фанатизмге сугарылган динге чек коюп, өлкөнүн өнүгүүсүн көздөгөн. Анын айткан: «Эгер мен динге сыйынгым келсе Мекеге барам, эгер мен билим алгым келсе Японияга барам» - деген сөзү малайзиялыктар үчүн учкул сөз болуп калган. Махатхир Мухаммад 1981-жылдан 2003-жылга чейин Малайзиянын төртүнчү премьер-министри. Малайзиянын экономикалык секирик жасап, малай эли менен башка элдердин укуктарын теңдеп, аралаш маданияттагы коом түзүүгө эмгеги зор.

Махатхир Мухаммад парламентке депутат болгон 1964-жылдан өкмөт башчысынан кеткен 2003-жылга чейин дээрлик 40 жыл  экспортко чийки заттарды чыгарган, агрардык мамлекет болгон Малайзияны экономикалык жактан гүлдөгөн мамлекетке айланткан. Улуттук дүң продуктыларынын 90 пайызын өнөр жай жана тейлөө тармактары түзөт. Сыртка экспорттун 85 пайызын өнөр жай товарлары түзөт, Малайзиянын жолунда 80 пайызы өзүнөн чыккан автомобилдер.

 

Кыргыздарга тиешелүү сыяктуу

Махатхир Мухаммад өлкөнү экоомикалык жактан жогору көтөрүп, калктын жашоо деңгээлин көтөрүп, заманбап жетишкендикке калкы бөлөгөн. Диний жана маданий каада-салттарды да жакшы жолго салып Азияда гана эмес, дүйнөдө чоң керемет жараткан. Бир маегинде ага: «Эмне үчүн кээ бир мамлекеттер Малайзиядай тез көтөрүлүп кетпейт» -деген суроосуна минтип жооп бериптир: «Биз ата-бабаларыбыздын басып өткөн даңктуу жолуна гана таянып, кантип көтөрүлүп кетет элек? Эң байыркы, цивилизациялуу, жер каймактагандан баштап келаткан элдер түзгөн мамлекеттер бар. Бирок, тилекке каршы алардын укум-тукумдары ата-тегинин даңктуу жолдорун улантып кете алышкан жок. Алар көтөрүлө алабы? Бул үчүн Малайзиядан үлгү алыш керек, мен мамлекетти башкарган учурда биздин мамлекет да эң начар мамлекеттин катарында эле», -дептир.

«Жаңы экономикалык саясат»

Чынында Малайзиянын экономикалык көтөрүлүүсү башкалар суктанарлык болду. Экономикалык жактан өсүп өнүгүүсү, анын жылуулук, мунайзат жана айыл чарбасынын чийки заттарын булагы болуп саналган өлкөдөн дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттин катарына кошту.Махатхир Мухаммад иштеп чыккан ймалайзиялык пландын» өзөгү «корпоративдик улутчулдук» деген принципте жатат. Мунун мааниси экономикада жогорку технологиялык тармакта корпорацияларды түзгөнүндө. Корпорациялардын башкы аракети пайда табууну көздөгөн эмес, коомдун гүлдөп өсүшүнө умтулуу болгон. Мамлекет мындай корпорацияларга кожоюн болгон эмес же  тоскоолдук да кылбай өнөктөш гана болгон. Мунайзат тармагында «Петронас», автомобиль курулушунда «Протон», телевизор курууда «Астра» сыяктуу жаңы типтеги улуттук компаниялар түзүлгөн. 1988-1997-жылдары он жыл ичинде экономикалык өнүгүү 10 пайызды  түзүп, калктын турмуш деңгээли 20 эсе көтөрүүп, жакырчылык жоюлган.

Махатхир Мухаммад өзүнүн мамлекетинен үлгү алып, муслман мамлекеттери менен «алтын динардын»-шарттуу валюта кылып жалпы рынок түзүүнү сунуш кылган. «Алтын динар» -доллар сыяктуу биржанын оюнчугуна гана айланбастан,  иш жүзүндө чыныгы валюта болушун көздөгөн. 1997-жылы Махатхир Мухаммад экономикалык дүйнөлүк кризис убагында Эл аралык валюта фонду бере турган көмөктөн баш тартып, өз күчү менен бул оор кырдаалдан чыгып кеткен.

«Азиянын жолборсторунун» катарына кирген Малайзияда батыш  өнүгүү модели менен катар, улуттук Махатхир Мухаммад түзгөн өзгөртүүлөр бар:

  1. Калктын расалык түзүлүшүнө карабай жакырчылыкты жоюу;
  2. Кээ бир экономикалык  расалык, улуттук монополияны жоюу; Соода точкаларын кытайлыктар гана ээлеген, малайлар айыл чарбасында гана иштешкен. Биз менен окшоштугу базарларда, соода точкасында мурун өзбек, уйгур, дунгандар гана монополия кылып, кыргыздар кой чарбасында монополия кылган.
  3. Технологияда, соодада маданияттуулукка бышыгуу;
  4. Жаңы баалуулуктарды үйрөнүү.

 

Махатхир Мухаммад түзгөн «Жаңы экономикалык саясаттын»  негизи ушул. Малайзияда коррупция жокко эсе, келип жаткан инвестицияга  бюрократтык тоскоолдуктар жок. Мунун бары Махатхир Мухаммаддын кошкон салымы.

 

 Парламентинде

Анын жетишкендиктеринин бири туруктуу парламенттик система түзгөнү, бардык этникалык топ малай, кытай, индустар коалицияга биригишкен. Бул башкаруучу коалиция түзүүгө шарт түзөт. Этникалык топтор санына жараша өкмөттөн орун алышат. Саны көп этникалык топтор көп орун алат. Ар бир маселе көңүлдөн тышкары калбайт.Бардык маселе коалициянын Кеңешинде талкууланат. Маселелерди өз учурунда чечүү чатактуу кырдаалдар чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.

 

Сөз аягы 

2003-жылы октябрда өкмөт башчысы Махатхир Мухаммаддын ордуна мурун Тышкы иштер министри болуп жүргөн Абдулла Ахмад Бадави келет. Бадави Махатхир Мухаммадын изи менен келатат.  Бир гана саясий жактан АКШ тарапка басым жасоо күчөдү,ал эми экономикалык жактан  мурунку багыт менен келатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83