Нурайым Рысмамбетова 25-июнь 2019, 14:50
Бүгүн Бишкекте өткөн «Мигранттар үнү» деп аталган акцияда «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жашап-иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар «Жүк-200» маселесин чечүү боюнча кол топтоп жатканын билдирди.
Анын айтымында, ушул кезге чейин 40 миң кишинин колу чогулган. Ал эми кол топтоонун жыйынтыгын күз айларында жыйынтыктап Жогорку Кеңешке кайрылуу менен жиберишет.
«Мигрант үнү» деп аталган тынчтык акциясына Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда мигранттар кабылган кыйынчылыктар тууралуу айтылып, өкмөткө аларды чечүү боюнча сунуштар берилди.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!