www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фоторепортаж — Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум

Нурайым Рысмамбетова 25-июнь 2019, 16:47

Расмий кабарлар


Фоторепортаж — Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумдун ишине катышты.

Кыргызстан Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири —  балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири.

Форумда актуалдуу темалар жана  өлкөдө балдардын укугун касыз кылуу жана коргоо боюнча механизмдер талкууланды.

Иш чарага БУУ балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун,  жергиликтүү бийлик, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Форумдун аягында жыйынтыктоочу Резолюция кабыл алынды.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83