Перизат Кутманалиева 27-июнь 2019, 07:37
Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ» менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин орун басары болуп барат. ТВЕА менен болгон келишимди түзүүдө башкы ролду Айбек Калиев да ойногон. Ал 2015-жылы экономика министринин орун басары болуп «ТЭЦтеги» курулушту көзөмөлгө алганын токтоткон эмес, 2016-жылы бүт электр тармагын колго алган «Энергохолдинг» түзүлүп анын башына Айбек Калиев келет. Табышмактуу эмнеге ал келди же ошончолук иштемчил беле? Айбек Калиев жакын туугандарын бүт электр тармагындагы эң кымбат майлуу-сүттүү орундарга отургузган. «Томояк» Айбек Калиев чоң кызматка келер менен миллионерге айланат, жубайы млн долларлык «Тойота Авенсис» автомобилин алса, өзү 2 млн долларлык «Тойота Прадо», 4,1 миллионго турак-жай, көз жоосун алган мебелдерди жана техниканы алган. Ошондой эле мүлктөрдү сатууда 4,5 млн пайда көргөн. Кечээ эле эч нерсеси жок Айбек Калиевге мынча акча кайдан келет?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!