Перизат Кутманалиева 27-июнь 2019, 13:35
Бул тууралуу президент Жээнбеков 2019-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеште элге Кайрылуусунда баса белгилеген. Элге так болуш үчүн орусча айтылган текстинен которбой эле берели: «Зарплата учителей будет повышена осенью, не позднее начала учебного года. Правительство сейчас занято соответствующими расчетами. Бог даст, у наших учителей в школах с нового учебного года будет уже другая зарплата».
Президент Жээнбековдун мугалимдердин айлыгын көтөрүп жатканына рахмат. Бир гана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева тиешелүү эсеп-кысаптарын чыгарып жатканы тууралуу үн катпайт. Ал эми «Ката» министр тоюз Билим, илим министри оозуна талкан сугунуп алгансып, бул тууралуу бир ооз ачып койбойт. Күзүндө буюрса «Ардактуу кесиптин ээлери» мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп жатса Гүлмира Кудайбердиева төбөсү көккө жеткиче сүйүнүп, кубанычын мугалимдер менен тең бөлүшүп туруш керек. Же Бактыгүл Жеенбаева, Гүлмира Кудайбердиевалар «кудайдын чүчкүрүгүнөн» түшүшүп, президенттин айткандарын да тоготпой калышканбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!