www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уран Рыскулов:" Эч ким Атамбаев үчүн атышпайт"

Кызгалдак Жакыпова 29-июнь 2019, 19:56

Саясат


Уран Рыскулов:" Эч ким Атамбаев үчүн атышпайт"

Коомдук ишмер, Уран Рыскулов, " Эч ким Атамбаев үчүн атышпайт", деп "Майдан.kg" гезитине маек берген.

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

- Эч кандай атышуу болбойт. Эч ким Атамбаев үчүн атышпайт. Акча үчүн эл аянткка чыгып бериши мүмкүн. Бирок акча үчүн жалпы эл окко төшүн тоспойт. Кой-Таштагы жыйын Атамбаевдин айласы түгөнүп турганын билгизди. Атамбаев өзүн чын эле кудай жолунда жүргөн киши катары эсептесе тагдырга баш ийип, кырдаалдын агымы менен иш кылыш керек. Ал жагын бул киши жакшы өздөштүргөн. Акылы болсо түрмөгө олтурганга дагы даяр болушу керек.

Боштондуктагы Атамбаевден дагы түрмөдөгү Атамбаев бүгүнкү бийлик үчүн коркунучтуу. Текебаев туура айтты, Атамбаевди шашылып камабаш керек. Бүгүнкү депутаттарга окшоп. Биздин эл камалган, бийликтен запкы жеген кишини жакшы көрөт. Булар Атамбаевди камайбыз деп тескерисинче баатыр кылып алышат. Биз түндүк-түштүк маселесинде өтө этият болушубуз керек, деген "Майдан.kg" гезитине берген маегинде Уран Рыскулов.

Булак: Nazar.News.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83