www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бейшенбек Абдырасаков: “Атамбаев ормон опузага салып, бет тырмап жатат”

Кызгалдак Жакыпова 29-июнь 2019, 20:07

Саясат


Бейшенбек Абдырасаков: “Атамбаев ормон опузага салып, бет тырмап жатат”

Экс - депутат, Бейшенбек, " Атамбаев ормон опуза салып, бет тырмап жатат", деп “Майдан. kg” гезитине маек берди.

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

- Атамбаевдин айласы кетип турган чак. Камаларын билип, сезип эле турат. Ошон үчүн “камалгандан мурун атышып өлгөн артык” деп, ормон опузага салып, бет тырмап жатат. Бир караганда тарых кайталангандай болуп жатат. Бакиев качканда дагы айылына барып, айылдаштарынын курчоосунда болгон. Атамбаевди да айылдаштары коргоп жаткандай. Атамбаев аларга таянып, жеке кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп жаткандай.

Чынында БОМЖ болобу, президент болобу, жасаган иштерине жооп бериши керек. Атамбаевдин абалы президенттердин баарына сабак болушу керек. Карапайым эл олигархтардын, саясатчылардын тилине кирип, курал болбошу керек. Анткени, булар жеке максатын ишке ашырып бериш үчүн элди окко да, чокко да салып бергенден коркпойт, деген “Майдан. kg”  гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83