www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев "кайтаруучуларын" бүгүн түшкү тамакка палоо берип сыйлады

Кызгалдак Жакыпова 29-июнь 2019, 20:14

Саясат


Атамбаев "кайтаруучуларын" бүгүн түшкү тамакка палоо берип сыйлады

Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө бүгүн да тарапташтары келишти. Бирок, кечээиге караганда бир топ аз санда. Боз үй тигилген жерде бир нече адам күнү-түнү кетпей, мурдагы президентти кайтарууга алышууда.

Түшкү тамак учурунда сабиз кыркылып, палоо демделди. Бүгүн кечинде Атамбаев элге чыгаары белгилүү болду.

КСДПчылардын айтымында, ал өзүн кайтарган адамдарга күн сайын чыгып сүйлөшүп турат.

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча атайын комиссия түзгөн. Комиссия ага алты айып тагып,
корутундусун Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура алты айыптын бешөөсүнөн оор кылмыштын белгилерин тапкан.

Жыйынтыгында, парламентте  добушка коюлуп, 103 депутаттын макулдугу менен Атамбаевдин кол тийбестик макамы алынган. 

Булак: Майдан.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83