www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмилбек Каптагаев, Алмазбек Атамбаевге пикирин айтты

Кызгалдак Жакыпова 29-июнь 2019, 21:41

Саясат


Эмилбек Каптагаев, Алмазбек Атамбаевге пикирин айтты

Алмазбек Шаршенович, Бешенеңизге жазылган экен, ошол учурдага кырдаалдын ыңгайы келди – мамлекет башына турдуңуз, 2011-жылы Президент болуп шайландыңыз. Бирок, муну ачык эле айтуу керек, сиз мамлекет башчысы, журт атасы деңгээлине алты жылда чыга алган жоксуз, ошондой бийик даражага инсандык парасатыңыз жете албады, тилекке каршы. Көрпенделик кылдыңыз. Жеке кызыкчылыктын, жеке таарынычтын, кекчилдиктин, өзүм билемдиктин алкагынан чыга албадыңыз, акыры келип мына ушулардын курмандыгы болуп отурасыз. Сыртыңыздан эр жүрөк, айкөл көрүнүүгө аракет кылганыңыз менен, ичиңизден тааруу айланбаган майдачыл экениңизди, мүнөзүңүз алакөөдөн, алакачма экенин турмуш далилдеди. Бүгүн дагы сиз Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечеги үчүн күйүп-бышкан жоксуз, сиз бүгүн жеке ичкүйдүлүктүн жетегинде жүрөсүз… жеке кызыкчылык үчүн жакындарыңыз эле эмес бүтүндөй өлкөнү садага чабууга даяр экениңизди көрсөтүп жатасыз… Бул тууралуу маалыматты ring.kg сайты жазып чыкты. 

Азыр кайра-кайра “…атышып жатып өлөм…” – деген кыяздагы сөздөрдү айтып жатасыз. Алты жыл эл башкарган кишинин айта турган сөзүбү ушул?

Жок, бул сөз “көчө балдарынын” сөзү… Сиз ошол “көчө балдарынын” же мындан бир кылым мурда өткөн басмачы-каракчылардын деңгээлине түшүп алдыңыз …

Бул сөз сырттан жоо чаап, кыйырды басып душман келсе айтылса туура болмок…эрдик катары бааланмак… Азыр ким менен атышканы жатасыз деги? Кайсы душман, кайсы жоо менен атышканы жатасыз… ?

Сиз бул сөзүңүз менен өзүңүздү мыйзамдан сырткары чыгарып жатасыз, коомду башаламандыкка, туңгуюкка түртүп жатасыз…

Сиз бүгүн Кыргыз мамлекети менен атышканы жатасыз, мамлекеттүүлүктүн тамырын кыйганы жатасыз…эгер түшүнсөңүз.

Сиз бүгүн Эгемендүү Кыргыз Республикасын тааныбайм, тааныгым да келбейт деп жатасыз, түшүнгөн кишиге.

Жоругуңуз жолдо калсын, Алмазбек Шаршенович!

Ойлонуңуз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Мамлекет сизге керек болбой калса – бизге керек! Келечек сизге керек болбой калса – элге керек!

Коомду өзүңүздүн жеке ичкүйдүлүгүңүздүн, жеке таарынычыңыздын барымтасына айлантам деген жосунсуз жоругуңузду токтотуңуз!

Эмилбек Каптагаев, саясатчы

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Аскар Омуралиев, 29-июнь 2019, 22:12
Мына ушул Э.Каптагаевдин айтканында калет жок. Бүгүн да АША нын ордосунда кырдаал курчуп турат. Баягы эле анын акырынан жем жеген, далайлардын убалына калган экс ИИМ менен УКМК нын башчылары барып көкүтмө сөздөрүн айтып, жанагы ат минип, АША ны коргойбуз деп топтолгондорду далыга чапкылап баса беришти. Ал эми Чүйдүн аксакалдары болсо Атамбаев менен Жээнбековдун ортосуна көпүрө болобуз жана экөөнү элдештиребиз деп жатышат. Терең ойлоп көрсөк С. Жээнбеков АША менен эч деле урушкан жокко. Аны досун сатып кетти деп шыбап жатышат. Эгер С. Жээнбеков Атамбаевди "сатпаганда" анда ал элди саткан жосун болмок. Ал болгону туура бийде тууган жок дегендей кылып жатпайбы. Эми кантип чындыкты АША га жана анын коргоочуларына түшүндүрөбүз ??????
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83