www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбековдун кечээги бир күнү

Кызгалдак Жакыпова 01-июль 2019, 10:04

Саясат Расмий кабарлар



АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбековдун кечээги бир күнү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 30-июнда Чүй областынын Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы Кожомкул баатыр кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун баса белгиледи.

--«Байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылып, ысымы ызаат, урмат-сый менен эскерилген инсандар көркөмдөп турат.

Дүйнөгө улуу адамдарды берген байыркы эл катары, кыргыздын тарых-таржымалы сыймык менен айтылат.

Биз, бүгүнкү муун, кыргыз элине Манас, Баласагын, Кашкари, Калыгул, Токтогул, Барпы, Жеӊижок, Саякбай сындуу аталарыбызды буйруганы үчүн Жаратканга ыраазыбыз.

Ушул залкар инсандардын мураскери болгон журт экенибизге, дүйнөлүк маданиятка улуу замандашыбыз Чынгыз Айтматовду берген эл экенибизге сыймыктанабыз. Бүгүн ушундай сейрек жаралчу инсандардын катарын толуктаган, кыргыз журту сыймыктанган, аты аӊыз болуп айтылып, даӊкы кыйла жерге жеткен, айтылуу Кожомкул атабыздын элесине таазим эткени чогулуп олтурабыз.

Баарыӊыздарды атактуу Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!

Ынтымакты, адамдар арасындагы асыл каситеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-июнда, Чүй облусунун Жайыл районунуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Кааба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш чарада.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Президент Баатырды эскерип, күмбөзүнө барып, куран окуду, андан кийин Каба уулу Кожомкулдун архивдик материалдары жана жеке буюмдары сакталган үй-музейине барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков үй-музейге кыргыздардын тарыхын чагылдырган «Кыргыздар» китебинин томдорун, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалар топтомун жана улуу жазуучу менен Айкөл Манастын элестери түшүрүлгөн сүрөттөрдү белекке берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83