Гүлжан Шерипбаева 31-март 2017, 13:28
Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши боюнча комментарий берди. Ал козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” айтты.
- Мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди толук далилдейм. Тендер боюнча айтсам, “бир булактан алат” деген токтом бар болчу. Азыр ушунун айланасында суроолор пайда болуп жатат. Алардын бардыгын мен орду-ордуна коюп бергенге даярмын.
Бүгүн Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси менен иш козгоду. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда.
Булак: Азаттык
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!