www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Өлгүңүз келеби?"...анда ыңгайсыз жерлерде селфи кылыңыз....

Кызгалдак Жакыпова 01-июль 2019, 17:16

Дүйнө жүзүндө


"Өлгүңүз келеби?"...анда ыңгайсыз жерлерде селфи кылыңыз....

Франциялык Le Figaro гезити өзгөчө фондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон кишилердин саны өсүп жатканын жазды. Буга байланыштуу айрым өлкөдө бийлик белгилүү эрежелерди киргизүү аракетинде. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты. 

Маселен, Индияда “селфи үчүн атайын зоналар” белгиленди. Орусия полициясы болсо “Коопсуз селфи эрежелерин” киргизип, адам өмүрү өзүн-өзү сүрөткө тартуудан жогору турарын эскертүүдө. 2019-жылы АКШда селфи учурунда 41 киши өлгөн. Алардын көбү Чоң каньондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон.

Бразилия, Германия, Вьетнам жашоочуларынын айрымдары автоунаа же мотоцикл менен бартып селфи кылган учурда ажал тапкан. Бийик имаратта жана тоолордо да адам өмүрүн алган учурлар арбын. Польшанын Освенцим музейинде селфи жасоого жана аны социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган. 2011-жылдан 2017-жылга чейин селфи учурунда 259 адам өмүр менен кош айтышкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83