www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Эрдоган журналисттерге Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирди

Кызгалдак Жакыпова 01-июль 2019, 18:24

Дүйнө жүзүндө Саясат


 Президент Эрдоган журналисттерге Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусиядан ала турган С - 400дөрдүн биринчи сериясын 10 күндүн ичинде өткөрүп аларын айттып, Японияда АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушуу тууралуу журналисттерге  маалымат берди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты. 

Трамптын басма сөзгө берген маалыматын эске салган Эрдоган: «Өз тобуна карабастан так сөздөрдү айтты. Бул жакшы нерсе. С - 400дөр тууралуу түрдүү жерлерде сөз сүйлөбөшү керек. Себеби бул билдирүүдөн кийин урматтуу Трамп абалын белгиледи»,- деди.

С - 400дөр тууралуу Трамптын Түркиянын акылуу экендигин айтканын белгилеген Эрдоган: «Урматтуу Трамп: «Биз силерге санкция салабыз»,- деген жок. С  - 400 тууралуу да «Туура айтасың, бул адилетсиздик»,- деди.

Бул абдан маанилүү, Путин менен үч тараптуу жолугушканыбызда да жакшы сөздөрдү айтты. Эч бир кыйынчылык болбостон бул процессти ашып өтөбүз деп ойлоймун. Бир жума 10 күндүн ичинде С  - 400дөрдүн биринчи сериясы келет»,- деди.

«Түркия АКШдан Патриот алабы?»,- деген суроого жооп берген Эрдоган: «Технологиялык жактан бир С - 400, 3 Патриотко тең келет. Ушуга карабастан биз шарттарды көрөлү. Эгер шарттар С - 400дөргө тең келе турган болсо биз Патриот алабыз. Бирок тең келбесе  капа болбогула. Силер өз кызыкчылыгаңарды ойлоп жатсаңар биз да кызыкчылыгыбызды ойлоп жатабыз. Муну  да ачыкча айттык»,- деди.  

Президент Эрдоган түрк аба жолдорунун АКШдан 100 Боинг учагын аларын жана Трамптын Түркия сапары менен бул карым - катнаштарды дагы да өнүктүрүшөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83