www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты: "Карамушкинанын элден, динге ишенгендеринен, кесиптештеринен расмий түрдө кечирим сурагандыгы туура болду"

Гүлжан Шерипбаева 31-март 2017, 18:05

Саясат


Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты: "Карамушкинанын элден, динге ишенгендеринен, кесиптештеринен  расмий түрдө кечирим  сурагандыгы туура болду"

Жогорку Кеңештин «СДПК» фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина  Москвада өтүп жаткан парламенттер аралык  ассамблеяда туура эмес жерден чыгып  Кыргызстанда орус тилин дагы көтөрүү керектигин айтты. Бизде орус тили ошончолук эле өгөйлөнүп калдыбы? Эгер Карамушкина айткандай расмий тилге мамиле начар болсо  Карамушкина депутат болуп келбейт эле да. Сиздин пикир?

Бүгүнкү күндө орус тили коргоого муктаж эмес. Өзгөчө Бишкек шаарында  азыр  орус тилдүү бала бакчалар басымдуулук кылат.  Ошондуктан бул маселе ойлонуп табылган.  Орус тили расмий тил деп Конституцияда мыйзам менен бекитилген. Аны  жок кылабыз деп эч ким чыккан жок, кандайдыр бир күчтөр деле  таптакыр жок кылгыла деп чыга элек. Андыктан  бул маселеге келгенде бул туура эмес иш болду. Карамушкина бүгүн атайын ошол жакта тартылган видео жүктөлгөн диксти  таратып берди. Анын өзүнүн сөзүн укпагандыктан бир тараптуу комментарий берүүдөн алысмын. Дискти көрөлү, анан айтыш керек, анткени айрым сөздөр  бурмаланып калышы мүмкүн. Депутаттын өзүнүн элден, динге ишенгендеринен, кесиптештеринен  расмий түрдө кечирим  сурагандыгы туура болду.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83