www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыяс Молдокасымов: "Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси"

Кызгалдак Жакыпова 02-июль 2019, 19:28

Саясат Дүйнө жүзүндө


Кыяс Молдокасымов: "Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси"

Белгилүү тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси тууралуу жазып чыкты. 

Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев кыска убакытта эле чыныгы лидер экенин көргөзүп, Өзбекстанды өзгөртүүгө батыл киришип, өнүгүүгө кенен жол ачып бере алды. Ал ошол эле учурда кылымдар бою кошуна жашаган кыргыз элине өзгөчө урмат көргөзөөрүн иш жүзүндө ырастады. Аны кыргыз эли туу туткан башкы нерселерине Шавкат Миромоновичтин жасаган мамилесинен даана көрө алдык.

1. Өзбек Президенти өзүнүн кичи мекенинде (Жизак облусунда) жайгашкан Манас айылын 45 күндүн ичинде жаркыратып, таптакыр жаңы шаарчага айландырып салды. Бул менен ал кыргыздар басымдуу жашаган бир эле айылга эмес, элибиз ыйык тутуп келген "Манасына" өзгөчө мамилесин, сый-урматын билдирди. "Манас" деген аталыштагы айылга жасаган мамилеси - бул бүтүндөй элибизге болгон кадырлоосу. Улуу дастаныбызга болгон сый-урматы.

2. Өзбек Мамлекет башчысы кыргыздын салтына, анын ичинде акындык өнөрүнө мамилеси өзгөчө экенин 2017-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин Бишкектеги жолугушуусунда даана көргөздү. Бул жолугушууда кыргыздын таланттуу жигити, төкмө акыныбыз Идрис Айтибаевге достукту даңазалап ырдаганы үчүн алдына темир аргымак, үстүнө үч бөлмөлүү батир тартуулады. Бул менен Шавкат Миромонович бир чети байыртадан берки салтты кармап, төкмө акыныбызды кур койбой өз белегин тартууласа, экинчиден, эң башкысы кыргыздын ыйык туткан төкмөчүлүк өнөрүнө өзгөчө сый-урматын ырастады.

3. Кыргызды ааламга даңазалаган талант ээси Чынгыз Айтматов. Өткөн 2018-жылы залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда өзгөчө маанайда, майрамдык шаң-шөөкөт менен белгиленди. Айрым серепчилер жазуучунун өз мекенине караганда да жакшы өттү деп жазып чыгышты. Маарке жылында каршы-терши жүргөн, бак-шактуу Ташкенттин чоң көчөсүнө Чынгыз Айтматовдун ысмы берилип, бюсту орнотулду. Булардын бардыгы Өзбекстан Президентинин тыкыр көзөмөлүнүн алдында, анын кабыл алган Жарлыгынын негизинде ишке ашты. Кыргыз эли туу туткан залкар жазуучуга жасаган өзгөчө мамилеси аркылуу Шавкат Мирзиёев жалпы улутубузга, мамлекетибизге болгон сый-урматын билдирди.

Өзбек Президентинин Кыргыз элине, мамлекетине жасаган жогорудагыдай өзгөчө мамилеси бизге байкалгандардын эң орчундуулары гана. Мындан башка байкалган, байкалбаган өзгөчө мамилесин ырастаган жагдайлар өтө эле көп. Жалпы бир улутка карата мындай өзгөчө мамиле бир күндө эле жаралып калбашы белгилүү. Өзбек Мамлекет башчысынын бүтүндөй элге болгон мындай сый-урматы балким эне мээрими аркылуу, балким бала чагынан кыргыздар менен аралаш жашап өскөндөн улам калыптангандыр. Эмнеси болсо да биз кошуна өлкөнүн жетекчисинин бизге болгон сый-урматын терең аңдап, бир тараптуу калтырбашыбыз керек деген ишенимдемин, жазган белгилүү инсан Кыяс Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83