www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Кызгалдак Жакыпова 04-июль 2019, 11:56

Расмий кабарлар Саясат


   Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемаларын чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, стратегиялык инфраструктуралык обьектилерди куруу, ипотекалык насыялоо, энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлор, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баткендиктерге айтып берди.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системдүү күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолду, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыты тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык обьектилерди куруу ж.б маселелерге токтолду.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83