www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга сатып жиберди эле, “Газпром” ар кимден газ сурап жүрөт

Перизат Кутманалиева 04-июль 2019, 17:47

Коом


Атамбаев “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга сатып жиберди эле, “Газпром” ар кимден газ сурап жүрөт

2013-жылы “Газпром” жетекчиси Миллердин капчыгына кызыктыбы, Атамбаев айнып кетип “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген. Кудайды караса боло жок дегенде  10 миң долларга сатпайбы же эмне Кыргызстанга акчанын кереги жок, шайма –шайбы? Муну элге айта койом деп Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков куугунтукка түшүп, акыры камалган.Ага туш-тараптан бийлигине таянып, кара пиар менен ыштаган. Таба эмес тобо,мына эми өз башына келди.

Эми Орусиянын «Газпром» компаниясы «Түркмөнгаз» менен 2024-жылга чейин газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, Орусия Түркмөнстандан жылына 5,5 миллиард куб метр газ сатып алмакчы. Орусия мурда түркмөн газынын негизги кардары болгон. Кытай Орусияны газ базарынан сүрүп чыгарып, 2015-жылы «Газпром» жыл сайын сатып алына турган 10 миллиард куб метр газдын көлөмүн төрт миллиардга түшүргөн. 2016-жылы баа талашынан улам Түркмөнстан газ сатууну токтотуп койгон.

«NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83