www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев кайненесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

Кызгалдак Жакыпова 06-июль 2019, 10:56

Саясат


Өмүрбек Текебаев кайненесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

Чүйдөгү Аламүдүн районунун Воронцовка айылында бүгүн, 6 - июлда мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси акыркы сапарга узатылды.

Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5 - июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн. Камактагы Өмүрбек Текебаевге кайын энесин акыркы сапарга узатууга уруксат берилип, конвойдун коштоосунда алынып келди.

Ошондой эле акыркы сапарга узатуу зыйнатына "Ата Мекен" партиясынын депутаттары да катышты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орус жаранынан ири суммада алган деген негизде 2017 - жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.

Июндун соңунда Текебаев ден - соолугуна байланыштуу камактан ооруканага которулуп, Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатат. 

Жогорку сот саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болуп, отурумду 16 - июлга белгилеген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83