www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назарбаевдин жээн небереси Лондондо баңгизат чегип, полицияга кол салды деп кармалды

Кызгалдак Жакыпова 07-июль 2019, 12:42

Дүйнө жүзүндө


Назарбаевдин жээн небереси Лондондо баңгизат чегип, полицияга кол салды деп кармалды

Лондондун Сазарк районунда королдук сот 28 жаштагы Айсултан Назарбаевдин ишин карады. Казакстандын экс-президентинин жээни баңгизат чегип алып, полицияга каршылык көрсөтүп, тиш салган деп айыпталууда.

Айсултан Назарбаев - экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаева менен анын качкында жүрүп, бөтөн жерде каза болгон күйөө баласы Рахат Алиевдин баласы. Ал Сандхерсте Королдук академияны бүтүргөн.

Назарбаевдин небересинин иши боюнча алгачкы сот жыйыны 4-июлда башталды. Ал басма сөз үчүн ачык режимде өтүп жатат. Айсултан өзү азыр камакта, өзүнүн полицияга кол салганын мойнуна албай турат.

Айсултан соттун чоң залынын ортосундагы дубалдарынан көрүнүп турган өзүнчө бир бөлмөдө отурат, аны кайтарып турган сакчылар бар. Сот болуп жатканда ал бир да үн каткан жок, анын үстүнө ага суроо да берилген жок.

Айыптоочу Грегор Маккинли ушул жылдын 3-июнунда Айсултан Назарбаев Лондондун борборундагы мейманканалардын биринде балконго чыгып алып, секирип өз жанын кыя турганын айтып кыйкырып, чатак чыгарганын айтып өттү.

5-июнда шаардагы башка квартирада ошондой эле көрүнүш кайталанган. Ошондо анын коңшулары полиция чакырышкан. Маккинлинин айтымында, Айсултан Назарбаев агрессивдүү болуп, өз жанын кыярын айтып, чакырык менен келген констебль Росс Самбрукка кол салып, аны көкүрөккө муштап, сол колун тиштеп алган. Полиция кызматкери электрошокер колдонууга мажбур болгон.

Айсултанды кармап, полицияга алып келишкен. Маккинлинин айтымында, «казак бийликтеринин өкүлүнөн» телефон чалып, Назарбаевдердин үй-бүлөсүн уят кылбаш үчүн ишти бүтүрүүгө аракет баштаган. Бирок полиция бул жөнүндө сүйлөшкөндөн баш тарткан.

Мамлекеттик айыптоочу Айсултан Назарбаев мындан мурда кокаин чегип жүргөнүн, анын агрессивдүү болуп жатканынын себеби ушул жакта экенин айтты.

Грегор Маккинли айыпталып жаткан адамдын бийлиги чоң үй-бүлөсү ага дипломатиялык паспорт бере салып, Улуу Британиядан чыгарып кетиши мүмкүндүгүн судьяга эскертип, буга жол бербөөгө чакырды.

Айсултандын адвокаты аны 5-июнда эч кандай чатак чыгарбай эле, тааныш кызы батирди ача албай, аны терезеден кирип ачып беришин өтүнгөнүн, муну көргөн коңшулар полиция чакырганын айтты. Ошол эле убакта полиция дагы өтө эле орой мамиле кылганын кошумчалады.

Адвокат Алисдэйр Уильямсон Айсултандын британ мыйзамдарына өтө урмат-сый менен карай турганын баса белгилеп, аны качып кетет деген сөз өтө эле катуу тиет деди.

Адвокат Айсултан Назарбаевди 90 миң фунт күрөө төлөп, өзү жашаган батирде айрым чектөөлөр менен жашоого бошотууну сунуш кылды. Мисалы, ал күн сайын полицияга келип көрүнүп турат жана үйүндө гана түнөйт. Адвокат андан сырткары Айсултан баңгизатка байланып калганын моюнга алды жана аны дарылоо үчүн ылайыктуу клиника издеп жатышканын билдирди.

Айсултан Назарбаев бангизат чегип жүргөнүн, бул атасы Рахат Алиев Австрияга качып барып түрмөдө өз жанын кыйган окуядан кийин болгонун 2017-жылы "Фейсбукта" жазып чыккан эле.

Анда чоң атасы жана Кудайдын жардамы менен кыйынчылыктан чыкканын айткан жайы бар.

Судья Филипп Барбел Айсултан Назарбаевди күрөөгө бошотууга макул экенин, бирок бир шарт коерун билдирди. Айсултан бошоп чыгар замат баңгизатка көз каранды адамдарды дарылоочу Priory деп аталган клиникага жатууга тийиш. Бул жакта убагында атактуу музыканттар Эмми Уайнхаус жана Робби Уильямс, футболист Джордж Бест, актер Джонни Депп жатып дарыланышкан экен. Эми Айсултан клиникага барып жатмайынча камактан бошобойт. 

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83