Перизат Кутманалиева 08-июль 2019, 09:12
Орус республика башчысы Колбиндин дайындалышына каршы, 1986-жылдын декабрында СССРде биринчилерден болуп казактар толкуп Кремлге каршы чыгышкан. Ошол Желтоксан козголоңунун аркасы менен Нурсултан Назарбаев бийликке келген.
2019 –жылдын 6-июлунда митинг болуп, Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады. Бул күнү Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык шайлоосу" кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязов элди бийликке каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырган. Казак бийлиги акцияны мыйзамсыз деп эсептейт. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дон баштап полиция Алматыдагы Абай жана Ахмет Байтурсунов көчөсүнүн маңдайында жүргөн адамдарды күчкө салып кармашты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!