www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО - Украина АКШдан аскердик техника сурай баштады, Зеленский шайлоо алдында согушту кайра алоолонтобу?

Перизат Кутманалиева 08-июль 2019, 11:54

Коом



АУДИО - Украина АКШдан аскердик техника сурай баштады, Зеленский шайлоо алдында согушту кайра алоолонтобу?

Вашингтон Орусия Крымды басып алып, Донбасста бөлүнгүчтөр конфликти тутанган 2014-жылдан бери Киевге 1,5 миллиард долларлык аскердик колдоо, анын ичинде танктарга каршы ракеталарды берген.

Орусия Донбасска 450дөн ашуун танк, 700 даана оор техника бергенин өткөн айда АКШнын Украинадагы элчиси Жон Хербст Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

Украина АКШга аскердик техникаларды сурап, расмий кайрылды. Кошмо Штаттар бул өтүнүчтү кароого киришти.

Бул тууралуу АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Уильям Тейлор  "Твиттердеги" баракчасына жазды. Анын билдирүүсүн АКШнын Украинадагы элчилиги таратты.

"Украина биринчи жолу АКШнын Коргоо министрлигинин атайын сатуу программасы аркылуу аскердик техника алуу өтүнүчү менен биринчи жолу кайрылды. Биз бул маселени караганы жатабыз", - деп билдирген Тейлор.

Ал АКШ Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коргонуу тармагы реформаланышын колдой турганын кошумчалады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83