www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Кызгалдак Жакыпова 08-июль 2019, 18:26

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Баткен облусундагы маселелерге арналган жыйын өткөрдү.

Ага Президенттик Аппараттын, Коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын, Баткен облусунун жетекчилиги катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын бекемдиги, аймактык бүтүндүгү улуттук кызыкчылыктардын негизи, ал эми бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу багыт — чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун, ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу экенин баса белгиледи.

«Коңшуларыбыз менен достук мамилени сактоо жана өнүктүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Муну менен бирге, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жашоо шарттарынын деңгээлин жогорулатуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, инфраструктуралык объектилерди куруу дагы абдан маанилүү», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн аптада Баткен облусуна иш сапар менен барганын эске салды. Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрүн чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83