Перизат Кутманалиева 09-июль 2019, 10:51
Генерал Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери боюнча «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» сыяктуу кылмыш иши ачылган.
2010-жылдын апрелиндеги кандуу окуяга байланыштуу Молдомуса Конгантиевге кылмыш иши козголгону менен 2018-жылы «кылмыштын курамы болгон эмес» деген негизде иш сотко жетпей кыскарган. Экс-министр ден соолугуна байланыштуу тергөө абагына да камалган жок. Конгантиев 6-апрелде Талас шаарында катуу сабалганы белгилүү. Кээ бирөө Конгантиевди апрелдеги каргашалуу окуялардын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары көрөт.
2018-жылы Конгантиевдин иши кыскарып кеткени президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине карата сынды күчөткөн. Бирок кийин президенттин тапшырмасы менен экс-министрдин иши кайра иликтенип, Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон иш кайра жанданган.
Молдомуса Конгантиев 2010-жылдан бери өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга аралашпай келет. Өзү жана кылмыш иши жөнүндө эч кимге комментарий берген эмес. Айрымдар ошол кездеги таасирдүү министр эми саясатка аралашпайт деп божомолдошот.
Экс ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту жакында чыгарды. 8-июлда апрель көтөрүлүшүнүн катышуучуларынан тургандар Биринчи май райондук сотунун алдында чогулушуп, Конгантиевдин акталышына нааразылыгын билдиришти. Алар соттун чечимине каршы арыз менен кайрылмай болушту.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!