www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Ар нерсенин өзүнүн ээси бар"

Кызгалдак Жакыпова 09-июль 2019, 15:06

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Ар нерсенин өзүнүн ээси бар"

Бул окуялар Жалал-Абад областынын тоолуу айылдарынын биринде мындан бир нече жыл мурда болгон. Анда биз кичинекей бала элек. Чоң ата-чоң энелерибиз бизге "дарактардын түбүнө заара кылбагыла, ар бир нерсенин өзүнүн ээси бар" деп айтышса, биз кулагыбызга илчү эмес экенбиз.

Биздин айылдын дал орто жагында долонолор өсчү колот бар. Ал жер илгери мазар болгон имиш. Ал мазардын азыр да кандайдыр бир сүрдүү күчү бардай сезилет. Ошол айылда жашаган аксакал карыяларыбыз, чоң энелерибиз болгон окуяларды бизге айтып берчү.

Жогоруда айтылган долоно колотундагы эски мазарга жакын жашаган чоң энемдин үйүнө түн ичинде аттардын ар кандай дүбүртү, белгисиз адамдардын кыйкырыгы угулуп, конок болуп кетчү экен. Чоң энем  өзү ооруларды айыктырган кандайдыр бир касиети, тагыраак айтканда, аркасы бар, көзү ачык аял эле. Ошондуктанбы, жөн адамдын көзүнө  көрүнбөгөн  адамдар келсе да коркпой, келмесин келтирип олтура берчү. Чоң энем көрүмчүлөр жөнүндө айтып берип жатканда:

"Алар эч качан адамга жамандык  кылбайт. Эгер өзүңдүн оюң жаман болбосо да, арак, шарап ичип олтурсаң алар сени оорукчан кылып коюшу мүмкүн" - деп айтчу. Ошол чын экен.

Бир жолу айылдын чет жагындагы үйгө шаардан жоро-жолдоштору көңүл ачуу үчүн барып, үй ээси конокторго палоо демдеп, бардыгы даяр болгон соң, тамактын алдында жүз граммдашып алалы деген ойдо достор, аяштар палоосун демдеп коюп, үйгө кирип кетишет. Ошол убакта сырттан кандайдыр бир добуштар чыгат. Аны байкаган үй ээси эшикке чыгып караса, демделген палоосунун астында кадимкидей алоолонгон от жагылып турган имиш. Коркуп кеткен үй ээси досторунан арак ичүүнү токтотууну талап кылат. Окуя ушуну менен бүтүп калат. Үйдүн ээси кийин да тоонун үстүндө ак кийимчен адамдар тегеренип алып от жагышып, бийлеп-ырдап турганын көрүптүр.

Ошол жылы эле айылыбызда Мамат аттуу акебиз долоно колотунан түн бир оокумда тракторун айдап бара жатып мазардын ортосуна жеткенде капысынан бузулуп калат. Аны оңдой албай убара тартып турганда жогору жактан ар түрдүү кийимдеги адамдар алоолонтуп от жагып алышып, бийлеп жатканын көрөт. Келме келтиргенге дарманы калбай Мамат аке коркуп кетип тракторуна качып кирсе, жүрбөй жаткан трактору өзүнөн өзү от алып кетет.

Бир жолу чоң энемдин үйүнүн короосуна чейин арыктан суу толуп ташып кирип кетет экен. Арыктагы сууну токтотууну көздөгөн чоң атам кетменди алып жөнөйт. Ишке киришейин дегенде көзүнө аппак көйнөкчөн, жоолук салынган кемпир көрүнөт. Жүрөгү оозуна кептелген чоң атам үйгө качып жөнөйт. Бир убактан кийин ашып - ташып кеткен суулар өзүнөн - өзү сорулуп таң калтырат. Бул сырлуу адамдар эч качан жамандык кылбайт экен.

Көп жылдардан бери өсүп келе жаткан дарактардын, эски үйлөрдүн ээси бар, Күндөрдүн биринде атам мас абалында атка минип келет. Ошол күнү жамгыр да нөшөрлөп жаап турган. Мас болгонуна байланыштуу апам экөөбүз аттан түшүрө албай кыйналып турганда, алыс жактан бир жарык шоола болуп тийип турду. Анда тоо жеринде каяктагы электр жарыгы дейсиң. Апам экөөбүз нурга таң калып, атамды атган түшүрүп алып, кайра атты байлаганга чыктык. жнангы жарык шооланын нуру тартылап калыптыр. Апам ал шооланы чачкандар ата - бабаларыбыздын арбагы экенин, алар бизди колдоп, өзүнүн жарык шооласын чачканын айтты.

Мына, биздин айылдын укмуштуудай сырлары. Азыр да андай окуялар болуп жаткандыр... 

Көптөрү ал айылдан көчүп кетиптир. Менин болсо айылга барбаганыма көп жыл болду. 

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83