Кызгалдак Жакыпова 10-июль 2019, 10:25
Өкмөт Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканаларды түздү.
Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт. "Укук" мамлекеттик ишканасы - сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жаза аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгат. Ошондой эле алардын үзгүлтуксүз иштешин көзөмөлдөп, техникалык жактан камсыз кылат.
"Соцсервис" мамлекеттик ишканасы болсо саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыкмакчы.
Албетте, мындай кызматтарды көрсөткөн бизде бир катар мекемелер бар экени маалым. Бирок ошого карабастан, жаңы кызмат ачуу бийликтин өзү үчүн пайдалуу болуп келатканы чындык.
Булак: Багыт.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!