www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи болду

Кызгалдак Жакыпова 10-июль 2019, 16:41

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен Швейцария Конфедерациясында.

Визит Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды.

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң мамлекеттер башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83