www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Кызгалдак Жакыпова 10-июль 2019, 19:08

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасы менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83