www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жер Ортолук деңизинен 24 млн тонна желим бөтөлкө чыкты

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 18:46

Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО - Жер Ортолук деңизинен 24 млн тонна желим бөтөлкө чыкты

Дүйнөлүк окмуштуулар желим буюмдарын пайдаланууну азайтуу керек экендигин талап кылууда. Мындай желим идиштерин пайдаланууну токтотпосо 2050-жылдары Жер ортолук деңизи, океандар желим таштандылардын саны балыктардын санына караганда көбөйүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты Еuronews.com жазып чыкты.

Алсак Жер Ортолук деңизинен бир жылдын ичинде 24 млн тонна желим бөтөлкөлөрдүн таштандылары чыгарылат. Алардын төрттөн бири гана океандын түбүнө түшүп кетет. Бул көрүнүш так эсеп менен айтканда ар бир минутада океанга 34 миң даана желим бөтөлкөлөр же желим таштандылар ыргытылып турат. Азыр так ушул таптарда деңизде 250 млрдга жакын желим бөтөлкөлөр балыктар менен кошулуп сүзүп жүрөт.

Дүйнөлүк жаратылышты коргоо уюмунун маалыматына таянсак Барселона Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан эң эле балит аймак болуп эсептелет. Ушул эле жерде жаз айларында желим таштандылар 3 эсе көбөйүп кетет.  Анын кесепетинен Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан мамлекеттер желим таштандыларды жыйноо үчүн жылына 640 млн евро сарпташат.

Дүйнөлүк илимпоздор желим таштандылар күндүн нурунан зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат, бул зыяндуу зат адамдар үчүн дагы кооптуу экенин баса белгилеп айтышууда.

Дегенибиз менен баш-аламан таштандыларды жана желим бөтөлкөлөрдүн калкып турганын Борбордук Чүй каналынан көрүүгө болот. Эгерде эсептеп келе турган болсок Чүй каналынан Жер Ортолук деңизинен чыккандай эле желим бөтөлкөлөр чыгышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83