www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик карыз өсүүдө

Кызгалдак Жакыпова 14-июль 2019, 12:59

Саясат Экономика


Мамлекеттик карыз өсүүдө

Мамлекеттик карыз өсүүдө. Ар бир жаранга 696 доллардан туура келет Май айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карызды калкт башына бөлгөндөн ар бир жаранга 696 доллардан туш келип, 1,51 долларга көбөйдү.

Финансы министрлигинин маалыматында, 2019-жылдын 31- майына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 453,86 миллион долларды (311 миллиард 102,22 миллион сом) түздү. Анын 3 миллиард 783 миллион (264 миллиард 242,34 миллион сом) доллары тышкы карыз, 670,86 миллион (46 миллиард 589,88 миллион сом) доллары ички карыз. Бир айда мамлекеттик карыз 9,12 миллион долларга өстү. Ошол эле учурда тышкы 2,96 миллион долларга азайган, ички аласалар 32,08 миллион долларга көбөйгөн.

Кыргызстандан мурдакыдай эле Кытайга 1 миллиард 701,46 миллион доллар карыз. Майдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ИДӨнүн 51,4 пайызын түздү. 2019-жылдын 1-майына карата өлкөдө 6,4 миллион киши жашаган. Орточо айлык акы — 15 миң 875 сом. Мамлекеттик карызды жоюу үчүн ар бир тургун айлыгынын 3, 06 бөлүгүн бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83