Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 09:38
Бүгүн 15-июлда, маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу акыркы сапарга саат 10:00дө Кара-Жыгач конушунда узатылат. Бул тууралуу маркум жубайлардын кызы Индира билдирди.
Жайыл районунун аймагынан Көкөмеренге кулаган унаадагы 5 адамдын акыркысы — Илимбек Абдылдаевдин денеси 14-июлда саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 чакырым төмөн тараптан табылды.
Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган.
30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.
Алар:
- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;
- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору.
- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;
- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;
- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!