www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Жумабеков Түркияга кетти

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 12:07

Саясат


Төрага Жумабеков Түркияга кетти

Бүгүн, 15-июль күнү Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун жогорку деӊгээлдеги, тагыраак айтканда, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин төрагасы “15-июлдун курмандыктарын” эскерүүгө арналган иш-чарага да катышат”, – деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат. Ал эми Стамбул шаарында делегация мүчөлөрү кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83