www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солтон-Сарынын жыргалын Кожобек Рыспаев, Аманбай Кайыпов көрүп, элдин малы кырылсынбы?

Перизат Кутманалиева 15-июль 2019, 15:42

Коом


Солтон-Сарынын жыргалын Кожобек Рыспаев, Аманбай Кайыпов көрүп, элдин малы кырылсынбы?

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы Атамбаевдик бийликтен алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат. Бул кенди колдогондордун бири кен боюнча парламент комитет төрагасы Кожобек Рыспаев болсо, бири Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов.

Чогулгандар «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп, «кытайлык компания ишин токтотсун» деген талап коюшту. Нааразы тургундарга облустук бийлик өкүлдөрү жолугуп, кырылган малдын өлүмүнө эмне себеп болгонун иликтеп чыгууга убада беришти. Тургундардын айтымында ушуга чейин 100дөн ашык кой өлдү. Учурда социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда койлор массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тарап жатат.

Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши  Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулушту. Алар Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча айылынын 100дөн ашуун тургуну кол койгон кайрылууну президентке жиберерин билдиришти.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83