www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган С-400дөр тууралуу маалымат берди

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 17:13

Дүйнө жүзүндө


Эрдоган С-400дөр тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Орусиядан С-400 системаларын сатып алуусунун максаты, аймакта тынчтык жана улуттук коопсуздуктун корголуусу экенин айтты.

Президент Эрдоган, газета жана телеканалдардын башкы редакторлору, айрым жазуучу жана академиктер менен Стамбулда «Вахдеттин» комплексинде жолугушту.

Түркиянын С-400дөрдү сатып алып согушка даярданбагандыгын белгилеген Эрдоган: «Тынчтыкты жана өз улуттук коопсуздугубузду коргоого аракет кылып жатабыз. Коргонуу өнөр жайыбызды өнүктүрүүгө карата берки баардык кадамдарыбыздын максаты да ушул»,-деди.

Жылдын аягына чейин бир канча бөлүгү жана 2020-жылдын апрель айына чейин да С-400дөргө байланыштуу процесстин аяктай турганын билдирген Эрдоган, С-400дөрдүн көзөмөлү Түрк куралдуу күчтөрүндө болоорун баса белгиледи.

Президент: «Тарыхыбыздын эң маанилүү келишими ушул келишим болуп саналат. С-400дөр НАТОнун келечегине күчтүү таасир берет, НАТО сүйүнүшү керек»,-деп айтты.

С-400дөрдүн F-35тер менен байланыштырылганы жөнүндөгү суроо боюнча Эрдоган, С-400дөрдүн абадан коргонуу системасы, F-35тин болсо чабуул коюучу курал экенин түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83