www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев: "Россияда, башка өлкөлөрдө досторум көп"

Кызгалдак Жакыпова 16-июль 2019, 09:54

Саясат


Алмазбек Атамбаев: "Россияда, башка өлкөлөрдө досторум көп"

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү боюнча, 15 - июль күнү Кой - Таштагы чогулган жыйында журналистердин суроосуна жооп берип атып өз пикирин айтты. 

«Мен өлкөмдөн эч жакка кетпейм. Мүмкүн 1-2 күнгө башка жерге барып келеттирмин. Бирок бул үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр жана шарт болушу керек. Эгерде ушундай учур болуп калса мүмкүн сыртка чыгып келем. Бирок мен Кыргызстандан чыгып кетип, өлкөмдү бүлүндүрүүгө жол берет деп эч ким үмүттөнбөсүн. Бул жер менин өлкөм жана мекеним», - деди Атамбаев.

Ал эми чет өлкөлүк лидерлердин колдоосу тууралуу суроого өздөрүнөн суроо керектигин жана алардын арасында достору бар экенин айтып жооп берди.

«Муну менден эмес, алардан сураш керек го. Мен бул темада сүйлөгүм келбейт, айтпай турган нерселер да болот», - деди ал.

Россиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновду эски досум деп атады.

«Россияда, башка өлкөлөрдө досторум көп», - деди Алмазбек Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83