www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов менен Исаев эмне жөнүндө сүйлөштү?

Кызгалдак Жакыпова 17-июль 2019, 11:29

Саясат


Бабанов менен Исаев эмне жөнүндө сүйлөштү?

“Москвада Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, саясаттан тышкары башка жеке маселелер боюнча сүйлөштүк” деп жергиликтүү ММКлардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди. “Москвага башка жумуштарым менен баргам. Бабанов өзү чалып калды. Ал мекенине келе албай жатканынан өзүм ага барып жолуктум, анткени мурда бир партияда элек, президенттик шайлоодо да чогуу болгонбуз. Саясаттан тышкары башка маселелер боюнча сүйлөштүк”, – деди Исаев.

Ошондой эле депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байыганы боюнча Орусиядан жана Түркиядан жооптор келе баштаганын айтты. “Буюрса, мен айткандай эле болот. Атамбаев мактангандай эмес” деди Исаев. Жай мезгилинде саясатта ыссык болуп турганда саясаттан башка эмнени сүйлөшмөк элеңер. Саясаттын сормо сазы баарыңарды соруп, бир кездери ит мышык болгондорду бириктирип, ынактарды ажыратып, кошоматчыларды көлдөлөң төшөк кылды, - дейт «Факты.kg» гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83