Перизат Кутманалиева 23-июль 2019, 15:39
Атамбаев жетелеп чоңойткон Өмүрбек Бабанов менен Канат Исаев байлык жөнүндө Москвада сүйлөштүбү же бийлик жөнүндөбү? Атамбаев бир жагынан туура айткан, элди эзип жеген карышкыр элитаны өзүм менен ала кетем деп. 2012- жылы “Республика” партиясынан Бабанов өкмөт башчысы болгон. Ошол кездеги “Республика” фракциясынын жетекчиси Канат Исаев Бабановго каршы чыгып, аргымакты бюджеттин эсебинен миллиондогон сомго сатып алган деген сөз чыгарып, Бабановду кызматынан түшүрүү үчүн кутумдун башында турган. Ушинтип, бул экөө кыргызды эмне кылып оңдуруптур:
1. Бабанов Өмүрбек:
Башкарманын баласы,констр менен бензин сатып жүрүп өскөн. Айдар Акаев менен кыргыз ишкерлерине рейдерлик кылып байыган.Энеси күрд болгондуктан терроризм менен атагы чыккан Күрдстандын Жумушчулар партиясы Бабановго акчалай колдоо көрсөткөн. Ошол тараптын миллиардерлер клубунун мүчөсү. Орусияга жагынып Пензага цемент заводун курган. Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Банкынан 4 пайыз үстөгү менен миллиондогон долларды Кулматовдун учурунда алып, 18 пайыз менен Шарипа Садыбакасовадан рейдерлик менен тартып алган “Кыргызстан” банкынан элге таратып пайдасын көргөн.
2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанда ызы-чуу даярдап, акчанын күчү менен президент болгусу келген.
2. Канат Исаев:
Көк бөрүнүн” президенти болуп туруп, бул оюнду казактардын акчасына кызыгып сатып жиберген. Андан тышкары Токмокто мэр болуп турганда ошол чөлкөмдө көп жерлерди казакка саткан. 2017-жылы бийликти күч менен басып алгысы келген.
Ушулар кыргызды оңдурабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!