www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Текебаевди мактап калыптыр, анда эмнеге сары улактай садага чаап, каматты эле?

Перизат Кутманалиева 17-июль 2019, 15:28

Коом


Атамбаев Текебаевди мактап калыптыр, анда эмнеге сары улактай садага чаап, каматты эле?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев  Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» болгонун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Анын айтуусунда:

- Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын Жээнбековдун  убагында көбүрөөк отурат,- деген Атамбаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс- министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-августка жылдырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83