www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент 20 миллион доллар пара алганы үчүн  камакка алынды

Перизат Кутманалиева 17-июль 2019, 15:50

Коом


Мурунку президент 20 миллион доллар пара алганы үчүн  камакка алынды

Экс президент бразилиялык «Odebrecht» компаниясынан 20 миллион доллар пара алып, мамлекеттик курулуштарга катышуусуна жол ачкан деп айыпталып жатат.Перунун бийлиги мурдагы президентти өткөрүп берүүнү Кошмо Штаттардан бир жылдан бери өтүнүп келген.

АКШда 16-июлда Перунун мурдагы президенти Алехандро Толедо камакка алынды. Эми аны мекенине өткөрүп берүү маселеси чечилиши керек.Алехандро Толедо Перуну 2001-2006-жылдары башкарган. Ага коррупцияга байланыштуу айып коюлуп, издөө жарыяланган.

73 жаштагы Толедо бардык дооматтарды четке кагат. Андан кийин бийликке келген Алан Гарсия да бразилиялык «Odebrecht» курулуш компаниясынан пара алган деп айыпталгандан кийин өз жанын кыйган. Андан кийинки президент Педро Пабло Кучински да ушул эле компания менен кылмышка барган деп шек саналып, азыр камакта отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83