www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеңиш Акматов: "Парламенттик шайлоодо Чыныбай Турсунбеков менен Туйгунаалы Абдраимовдун жылдызы жанат"

Кызгалдак Жакыпова 18-июль 2019, 14:38

Саясат


Жеңиш Акматов: "Парламенттик шайлоодо Чыныбай Турсунбеков менен Туйгунаалы Абдраимовдун жылдызы жанат"

БШКнын мурдагы мүчөсү, Жеңиш Акматов, "Парламенттик шайлоодо Чыныбай Турсунбеков менен Туйгунаалы Абдраимовдун жылдызы жанат" деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

-Боршайкомдун бир кездеги мүчөсү, шаилоолорго такай аралашып жүргөн адис катары азыркы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

-«Алыбек алына жараша» дегендей, иштеп жатышат. Жаңы бийликтин тушундагы кылган иштери - өздөрүнө өздөрү берген баа. Менимче, Рузвельт айтса керек эле, «бизнесмендер өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлойт, мамлекетти ойлобойт» деп. Азыркы парламентте да бизнесмендер көп.

-Эмки шайлоодо кайсы партиянын шансы канчалык деп ойлойсуз?

-Азыр айтыш кыйын го. КСДП өзүнүн баш - аягын жыйнай албай жатат. Эми алардын мындан аркы убактысынын көбү соггошуу менен өтөт окшоп калды. Ал эми «Ата Мекен» болсо, шайлоого катышканга каржы таба алабы - албайбы, билбейм.

Менимче, «Ата Журт» менен «Республиканын» шансы бар. Мендеги маалымат боюнча, «Республиканы» Чыныбай Турсунбеков алып, өзү каржылап, тизме боюнча биринчи өзү кетет экен. Дагы бир маалыматтан алсак, келаткан шайлоодо Туйгунаалы Абдраимов арбын упай алат, деген Жеңиш Акматов "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83