Кызгалдак Жакыпова 20-июль 2019, 11:07
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй - бүлөлөрдүн жашоо - шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар - жогун толугу менен көрсө болот.
«Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбай калат. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат», — деп жазылат маалыматта.
Аталган программа Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, «Инфоком» компаниясы тарабынан иштелип чыккан, - дейт "Де - Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!