www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим Карыпбеков: “Бул мени миң ирет ыйлатты, миң ирет кичинекей жан дүйнөмдү сыздатты”

Кызгалдак Жакыпова 20-июль 2019, 13:42

Турмуш


Илим Карыпбеков: “Бул мени миң ирет ыйлатты, миң ирет кичинекей жан дүйнөмдү сыздатты”

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчасына каалаган адамына “чымчып” тийишип жазып калат. Ал тургай тайэнесин тамшанта сүйлөттүрүп саясатка аралаштырып жиберет.

Илим Карыпбеков кезектеги ички сырын арак тууралуу ачыкка чыгарды.

Башыңды, жаныңды, жакшылыгыңды, мээнетиңди жеген арак.
***
Мен аракты биринчи жолу 9 класста ууртап көрдүм. Бир классташымдын туулган күнү экен. Ал авторитет сөрөйүбүз эле, атаман. Анын туулган күнү деп балдар 200 грамм спирт сатып алышыптыр. 1993-жылдары арак эмес спирт сатчы эле. 200 грамм аракка 300 грамм суу кошсоң 39-40 градус арак болуп калчу эле. Ошону ууртап көрдүм, эч жакпады. Бул ачуу суусундуктун эмнесин жакшы көрүшөт деп ойлоп койдум. Балдарга анан “апторитетибизге” жаман көрүндүм. Ошондон кийин ичпедим. Бирок арактан сопсоо, сонун зыңкыйып турган жакын адамдарым бир заматта жинди болуп, көздөрү алаңдап, канталап, адам эмес эле тетирден тескери айбанга айлана калып жатканына 3-4кө чыгып, акыл эсиме кирип калгандан баштап күнүгө күбө болуп жүрдүм. Бул мени миң ирет ыйлатты, миң ирет кичинекей жан дүйнөмдү сыздатты. Жүрөгүмө, көкүрөгүмө өмүр бою унутулбас караңгы күндөр болуп кала берди.

***
Биринчи жолу аркты 29 жашымда ичтим. Баш тартылгыс шарттар болду (китебимде бул шарттарды кененирээк жазып чыктым). Ошол жаштан баштап арак ичүүнүн өзүнчө маданияты болоорун түшүндүм. Бул маданият бир заматта келе койбойт экен. Муну өнүккөн элдер кылымдап тарбиялап келген экен. Кыргыздарда мындай маданият түк жок экенин түшүндүм. Демек кыргыз үчүн арак-шарап ичип баштоо, бул жинди сууга, жинди дүйнөгө баш отуң менен кирип кетүүгө барабар экен.

***
Мен жашоомдо аракты, шарапты маданияттуу жолу менен ичкен адамдарды өтө сейрек кездештирдим. Жалпысынан кыргызым арак ичкенде жинди суунун так ортосуна секирип кетерин көрдүм. Бул постумду мен жаш муунга арнайм. Досторум, арак ичип атып жашоосунда ийгиликтүү болуп, жыргап бактылуу болуп жашап кеткен адамды 39 жашымда кездештирбедим. Ошондой жок дегенде бир адамды кездештирсем, анда мен кайра үндөйт элем, айланайын эл ичип жатып жыргап кетти деп. Кайрасынан арактан жашоосу урап, жинди болуп, акыр түбү көчөдө калып өлүп, же бирөөнү өлтүрүп жандары тынып жаткандарына дагы эле күбө болуп жүрөм. Керекпи силерге ушундай келечек? Жыйынтык чыгаруу силердин колуңарда, деп жазган Илим Карыпбеков.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83