www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы айылдарына барды

Кызгалдак Жакыпова 21-июль 2019, 11:12

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы айылдарына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда. 20-июлда ал Ош облусунун Алай районундагы  алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды.

Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан, Мамлекет башчысы менен жолугушууда актуалдуу маселелер айтылды.  Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү.

Алсак, Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө. 

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышты, айылдыктарды социалдык коргоо маселелери көтөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,  курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  № 39-мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт.

Бактыбек Абдиев кошумчалагандай, азыркы учурда Күн-Элек айылындагы мектептин курулушунун көпчүлүгү аяктады, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Президент тургундар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча  тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик иш алып барарын белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83