www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт – Башкы штаб "Сары-таш — 2019" тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

Кызгалдак Жакыпова 21-июль 2019, 11:31

Расмий кабарлар


Сүрөт – Башкы штаб "Сары-таш — 2019" тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-таш» машыгуу майданында «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү.

Машыгуу Куралдуу Күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү.

Президент курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышты.

«Сары-Таш — 2019» тактикалык машыгууларынын алкагында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттешүүдөгү даярдыкты жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операцияны ишке ашырышты. 

Мамлекеттик чек араны коргоо, жергиликтүү тургундарды көчүрүү, туткундарды бошотуу ошондой эле согушкерлерге бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту бекемдөө — биздин ички жана тышкы саясатыбыздын негизги багыты экенин белгиледи.

«Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы аракеттерди бириктирүүнүн жана Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин натыйжалуу жөнгө салууну камсыздоонун маанисин өзгөчө белгиледи.

«Бардык мамлекеттик органдардын иши натыйжалуу координацияланбаса, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүн эмес. „Сары-Таш — 2019“ машыгуусу ушул максат менен  өткөрүлүп жатат», — деди Президент.

Мамлекет башчысы бул машыгууларды өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине өбөлгө болоорун жана кошуна өлкөлөр менен кызматташтыктын духуна шайкеш келерин айтты.

«Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен  көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүүдө. Бул күрөштө биздин республика башка өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин жогорулатат», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жатышкан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Индия Республикасынын аскер атташелери, россиялык «Кант» аскерий базанын жетекчилиги жана Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрү катышышты.

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин кол башчысы Алмазбек Карасартовго «Сары-Таш» машыгуу майданынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 300 миң сомдук тастыктама тапшырылды.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83